
📕Изилдөөчүнүн талаа күндөлүгүндөн окуя
«Он беш–жыйырма жыл мурун жайыттарыбыз таптакыр башкача болчу. Малдарды жакынкы жайытка айдап барганда, чөп ушунчалык бийик жана калың өсчү, кээде уйлар менен койлор чөптүн арасынан чындап эле көрүнбөй калчу🐏. Малды табуу үчүн, чөптү аралап, катуу катуу кыйкырып же малдын үндөрүн угуп, издеп табаар элек. Ал кезде мал саноо да оңой иш эмес эле. Эгер саноодо жаңылсаң, кайра башынан санап чыгууга туура келчү. Бирөө жетишпей калса, издеп жөнөчүбүз.
Бүгүн баары өзгөрдү☝🏻. Чөптөр кыска жана суюк болуп калды. Азыр чабанга ары-бери басып издөөнүн кереги жок — дөңсөөгө отуруп же жатып алып эле малды бир караш менен санап коюу жетиштүү. Эч бир мал жоголбойт, анткени мал аралап, кирип кетип, жоголо турган бийик чөп да калган жок.
Жашоо жеңилдегендей сезилет. Бирок ошону менен бирге маанилүү бир нерсе жоголду. Бийик чөптөр жок болду — балалыкты, эмгекти, камкордукту жана жердин күчүн сактап турган чөптөр.
Жайыттардын жылдан жылга бошоп баратканын караган сайын түшүнөсүң: өзгөрүп жаткан бир гана чөп эмес — жердин өзү да өзгөрдү, жана биздин ага болгон мамилебиз да өзгөрүүдө. «— Аксакал.