Новости
ГЭФ-Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү @gef_global_environment @undpkg программасынын «Көптөгөн артыкчылыктарды алуу үчүн түштүк Кыргызстандын өзгөчө баалуу тоо экосистемаларын жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде интеграциялап башкаруу» долбоорунун алкагында «Илбирс фонду» Чоң-Алай районунда демилгеленип жаткан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү👥.

Иш-чаралардын негизги максаты – Памир-Алай⛰️ аймагынын уникалдуу жаратылышын сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү, жаратылыш паркын түзүүдөгү жергиликтүү калк үчүн түзүлө турчу мүмкүнчүлүктөр жана пайдаларды талкуулоо болду.

Маалыматтык жолугушуулар менен катар, пландалып жаткан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына жакын жашаган тургундар арасында сурамжылоолор жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы жаңы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын түзүүдө, жергиликтүү коомчулуктардын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алууга негиз болмокчу☝🏻.

Добавить комментарий